«Евразия» эл аралык сыйлыгы 2026 үчүн арыздарды кабыл алуу башталды
Бул тууралуу «Евразия» уюму Sputnik Кыргызстандагы маалымат жыйынында билдирди.
Долбоор коомдук ишмерлерди, жаштар уюмдарын, мугалимдерди, ыктыярчыларды жана гуманитардык демилгелердин авторлорун колдоого багытталган. Катышуучулар маданиятты жана достукту бекемдөөгө арналган долбоорлорун сунуштай алышат.
Маалымат жыйынында Кыргызстандын өткөн жылдагы катышуучулардын долборлору жогорку денгээлде бааланып, өлкөдө эл аралык демилгелерге кызыккан активдүү жаштар жана уюмдар көп экени айтылды.
Сыйлыктын номинациялары маданият, билим берүү, жаштар саясаты жана коомдук долбоорлорду камтыйт. 2026-жылдагы байге фонду 17 миллионду түзөт. Ар бир номинация боюнча жеңүүчүгө 1 миллион берилет.
Арыздар 30-августка чейин кабыл алынат.